Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.
Депутат Улугбек Ормонов Ак калпак күнүнө байланышкан иш-чараларды өткөрүүгө тиешелүү мамлекеттик органдар кайдыгерлик кылып жатканына токтолуп: «Бүгүн, Бишкек шаарынын борбордук аянтында Эльнура Кулуева баштаган жигердүү жарандарыбыздын аракети менен салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Алардын бул аракетине жакшы баа берилиши керек», — деди.