7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын мэри Акжол Махмудовго 500 миң сом тапшырды

544

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан, Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудовду кабыл алып, Белград шаарында өткөн мелдештердеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Акжол Махмудовдун жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ага 500 миң сом, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Кыргыз балбаны Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалда Азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешип, жеңишке жеткен. Бул балбандын дүйнө чемпионатында уткан экинчи алтын медалы болду.

Өткөн жылдын сентябрь айында өткөн дүйнө чемпионатында венгриялык спортчу Золтан Леваини биринчи бөлүктө эле жеңип чемпион аталган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

545