7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри кармалды

453

Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри коррупцияга айыпталып, камакка алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча Ош шаардык мэриясынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Ош шаарынын архитектурасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши боюнча УКМК тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри 55 гектардан ашык айыл чарба жерлерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Алардын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү тарабынан ЖЧКсынын пайдасына мамлекеттик актылар берилген.

Ош шаардык соту ага карата 31-сентябрга чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.

 

454