Ош шаарында көчмө урна аркылуу шайлоого катталган жаран акча албаганы үчүн добуш берүүдөн баш тарттып, АШК кызматкерлерин үйүнөн кубалап салган. Бул тууралуу окуяга жеринен күбө болгон, аймактык кабарчыбыз Роза Акматжан кызы билдирди.
АШК кызматкерлери барган учурда жарандын паспортту да жок болуп чыккан. Ал коңшусу канализацияга акча топтоп жүргөндө керек болот деп чогултуп алып кеткенин билдирди.
Жаран ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкасына бара албайт, ал өз сөзүндө кымбатчылыктан улам дары-дармектерге каражат жетпей кыйналып жаткандыгын айткан.
Бүгүн 10-июльда Ош шаарында 1168 жаран ден соолугуна байланыштуу көчмө урна аркылуу добуш берүүдө.
Кошумчалай кетсек, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуровдун маалыматында Ошто Ынтымак партиясы шайлоодон баш тартуу арызын жазган. Андан сырткары Улуттар биримдиги жана Ата-Журт Кыргызстан партияларынын бирден мүчөлөрү шайлоого бир күн калганда талапкерликтен баш тартуу боюнча арыз жазышкан.