Тажикстандын түндүгүндө очогунда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталып, беш киши көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жер титирөө аймактагы убакыт боюнча түнкү саат 02:14тө катталган. Жер титирөөнүн эпиборбору Кожент шаарынан 169 чакырым түштүк-чыгышта жайгашканы айтылат, ал эми очогу 40 чакырым тереңдикте жаткан.