7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Өзбекстанга 25 гектар жер сатканын айтам десем бычактап кетти»-дейт айылдык депутат

1141

Ала-Букада Айылдык кеңештин депутаты бычакталды. Бул тууралуу жабырлануучу Дүйшөнкул Орозов Фейсбук баракчасынан кайрылуу жасады.

Маалыматка ылайык, 6-июль жаңы өкмөттү шайлоо учурунда Айылдык кеңештин депутаты Дүйшөнкул Орозов менен мурунку айыл өкмөт Камчыбек Исраиловдун ортосунда пикир келишпестиктер орун алып, аягы бычакташууга чейин барган.

Камчыбек Исраилов Өзбекстанга 25 гектар жер бергени тууралуу документтер бар. Бирлешкендеги балдар бакчасынан акча бөлдүртүп жеп койгону тууралуу маалыматтар да бар. Ушул маселелерди сессияда айтып чыгам десем, жөн жүр, тилиңди кесип коёбуз деп коркутуп, балдары менен келип бычактап кетишти”,- деп  УКМКга видео кайрылуу жасаган.

Аталган окуя боюнча, Ала-Бука райондук милициясы тарабынан бардык тиешелүү материалдар чогултулуп, РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык Кодексинин 139-беренеси боюнча (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иштин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуяга катыштыгы бар адамдар тергөөгө алынып келинген.

Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен сөзсүз мыйзам чегинде чара көрүлөт. Белгилеп кетүүчү жагдай, кайрылуу жасаган Орозов Дүйшөнкулга карата да арыз жазылган.

Учурда иш тыкыр иликтенип, мыйзам чегинде тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1142