7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жан сакчыларынын биринен COVID-19 аныкталгандыктан президент бүгүн добуш берди

979

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир күн мурда Мамлекет башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус инфекциясы катталгандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду.

Президент берген пчр-тестинин жыйынтыгында коронавирус инфекциясы чыккан жок. Бирок Садыр Жапаровго эпидемиологдордун берген сунуштарына ылайык, ал түздөн-түз байланышта болгондугу үчүн башкалардын ден-соолугуна коркунуч келтирбөө максатында обочолонуу чараларын көрүшү зарыл.

Мамлекет башчысы өлкө жарандарын шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү менен өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууга чакырды.

Президент Жапаров шайлоого катышуу   жоопкерчиликтүү жарандык позициянын жана өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүүнүн көрсөткүчү экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген бирок ден-соолугунун абалына байланыштуу же мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерден улам добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочуларга добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда шайлоо участкасынан тышкары жайда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Эске салсак, 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо болуп өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

980