7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине 95 миң сомдон ыйгарылды

757
Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, куттуктады.
Бизге бүгүнкүдөй ачык асман, тынч жашоо тартуулаганыңыздарга ыраазчылык билдирем. Ошол апаат күндөрү балдардын келечеги жана мекен үчүн кан майданга аттанып, өз өмүрүңүздөрдү да аябадыңыздар! Менин атам да Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Ал башынан өткөргөн кыйын күндөрдү айтып берчү. Эрдигиңиздер эч качан унутулбайт! Ден-соолукта болуп, эч оорубаңыздар!”,- деди Жарасул Абдураимов
Ноокат районунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлер эскерилип, өчпөс отко гүл чамбар коюлуп, куран түшүрүлдү.
Андан соң, Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте, ардагерлерди үйлөрүнө барып куттукташты.
9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата ар бир ардагерге КР Президентинин фондунан 70 миң сом, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн резервдик фондунан 15 миң сом, Райондук мамлекеттик админстрациялардын резервдик фондунан 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758