9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата ар бир ардагерге КР Президентинин фондунан 70 миң сом, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн резервдик фондунан 15 миң сом, Райондук мамлекеттик админстрациялардын резервдик фондунан 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.
Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, куттуктады.
“Бизге бүгүнкүдөй ачык асман, тынч жашоо тартуулаганыңыздарга ыраазчылык билдирем. Ошол апаат күндөрү балдардын келечеги жана мекен үчүн кан майданга аттанып, өз өмүрүңүздөрдү да аябадыңыздар! Менин атам да Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Ал башынан өткөргөн кыйын күндөрдү айтып берчү. Эрдигиңиздер эч качан унутулбайт! Ден-соолукта болуп, эч оорубаңыздар!”,- деди Жарасул Абдураимов
Ноокат районунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлер эскерилип, өчпөс отко гүл чамбар коюлуп, куран түшүрүлдү.
Андан соң, Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте, ардагерлерди үйлөрүнө барып куттукташты.