7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошко Москвадан Өчпөс оттун бөлүкчөсүн алып келишти

733

Бүгүн таңга маал саат 6:30да Ош эл аралык аэропортунан «Эскерүү отун» — Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оту алып келинди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандагы Россия кызматташтыгынын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.

Бүгүн Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин алдында аталган эл аралык акциянын алкагында жыйын-реквием өтүп, мемориалга от жагылат.

Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына өткөрүлүп берилет.

Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү улутчулдуктан бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу болуп саналат.

Ош шаарына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган Өчпөс оттун бир бөлүгүн Бүткүл орусиялык «Элдик фронт» коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, Биринчи каналдын теле алып баруучусу Юлия Барановская («Мужское/Женское» программасы) телеалпаруучу жана блогер Екатерина Шугаева (НТВдагы «Биз жана илим» автордук программасынын алып баруучусу) алып келишти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734