Өлкөнүн түштүгүндөгү эң чоң жогорку окуу жайдын бири Ош Мамлекеттик Университетинин мугалими 1200 доллар пара талап кылып, 40 миң сом алып жаткан учурунда колго түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 46 жаштагы Ноокат районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ОшМУнун окутуучусу баласын ЖОЖго киргизүү үчүн 1200 доллар пара талап кылгандыгын кабарлаган.
Кечээ, 13-сентябрда, ОшМУнун кызматкери Ө.А. айтылган каражаттын бир бөлүгүн, 40 000 сомду Токтогул эс алуу багынан алып жаткан учурунда колго түшкөн. Учурда убактылуу кармооочу жайга киргизилди. Алгачкы тергөөдө арыздануучудан анын баласын окууга өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн 1200 доллар сураганын моюндаган.
Учурда бул факт боюнча жазык кодексинин 238-беренесинин негизинде иш козголду, тергөө уланууда.