7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Россиядан жеңиш менен келген танкисттерге саат, акчалай сыйлык тапшырды

598

Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда эл аралык армия оюндарында жеңүүчү аталган кыргыз танкисттерине сыйлык тапшырды. Бул тууалуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал аскерлердин жеңишин жогору баалап, алар Токио шаарындагы (Япония) Олимпиада оюндарында жогорку натыйжага жетишкен спортчулар менен катар Кыргызстандын эегемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына белек кылышканын белгиледи.

«АрМИ эл аралык аскер оюндары акыркы 7 жылдан бери көптөгөн мамлекеттердин арасында өткөрүлүп келе жатат.
Бул аскердик спорт – ардактуу, жооптуу кесипти тандаган, эл-жери менен ыйык Мекенин коргоого дайым даяр турган кайраттуу, эр жүрөк, тайманбас эр-азаматтардын оюну. АрМИ оюндары өзүнүн маңызы, спорттук негизи боюнча Аскер кызматчыларынын эл аралык олимпиадасы катары калыптанып калды. Мына ушул эл аралык аскер оюндарынын алкагында кыргыз армиясы негизги деп саналган, ары татаал, ары салмактуу эки мелдешке — “Танк биатлону” менен “Десанттык взвод” сынактарына катышып, өз дивизиондорунда биринчи орундарды багындырды. Биздин танкисттерибиз 8 мамлекеттин командалары менен мелдешсе, курсант-десантчыларыбыз 12 өлкөнүн командалары менен күч сынашты. Натыйжада, жалпы дүйнө жүзү Кыргызстандын бийик көтөрүлгөн байрагын жана эң жогорку ардак тактада улуу Манастын татыктуу урпактарын көрүштү», — деди Президент.

Садыр Жапаров танкисттер 31-августта — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жеңишке жетишкенин, ал эми эң мыкты даярдыгын десантчылар — өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн келечектеги офицерлери көрсөткөнүн кошумчалады. Ошондой эле аскер кызматкерлерине энчилүү сааттарды тапшырды, алардын айрымдарына Президенттин атынан ыраазычылык каты берилди. Мындан сырткары, “Танк биатлону” менен “Десанттык взвод” сынактарынын катышуучуларына мелдештерде жеңиши үчүн акчалай сыйлык катары Президенттин резервдик фондунан 1 млн 880 миң сом бөлдү.

Белгилей кетсек, VII эл аралык армия оюндары-2021 22-августтан тартып 4-сентябрга чейин 11 мамлекет аймагында өткөрүлдү. Алар: Алжир, Армения, Беларус, Вьетнам, Иран, Катар, Казакстан, Кытай, Россия, Сербия жана Өзбекстан. Мелдештер бир учурда 23 аскер машыгуу талаасында жана Каспий, Аравий, Япония деңиздеринин сууларында өттү. Ага 42 өлкөдөн 277 команда курамында 5 миңден ашуун аскер кызматкери катышты.
Кыргызстандын курамасы «Танкалык биатлон» жана «Десанттык взвод» экинчи дивизионунун финалынын жеңүүчүсү катары, кийинки жылы биринчи дивизион курамында катышуу укугун алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599