8-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районунун Гулистан айылынын тургуну 15 жаштагы бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны жана акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинде көрүшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүүгө Ноокат райондук №71 ӨКБдан авариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу тартылды.
Кошумча маалымат берилет.