Ош шаарында 17 жаштагы баланы тапанча жана бычак такап коркутуп, тоноого шектелген төрт жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИБнны басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, А.Навои атындагы сейил багында эс алып жүргөн М.А.нын 15 миң сомдук («Samsung Galaxy A10s» үлгүсүндөгү) телефонун коркутуп тартып кетишкен.
Окуя боюнча 12-апрелде жабырлануучунун апасы А.Ф. Ош шаардык ички иштер башкармалынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнө арыз менен кайрылган.
Бул факт Кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201- берене жана 202-берене менен сотко чейинки өндүрүш башталган
Ошол күнү бул кылмышка шектелип, Ош шаарынын тургундары — 2003-жылы туулган А. уулу С., 2002-жылы Ж. уулу М., 2004-жылы туулган М.К. жана Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну — 2003-жылы А. уулу К. кармалган. Аларды тинтүү учурунда белгисиз үлгүдөгү огу жок пневматикалык тапанча, бир даана маки (бычак), «Нокия» үлгүсүндөгү телефон жана 1 миң 500 сом табылган. Бул буюмдарга тиешелүү экспертизилар дайындалган.
Кылмышка шектүүлөрдүн үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 2004-жылы туулган К.Ж. жашы жете элек экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылган.