28-декабрь күнү милицияга Өзгөн райондор аралык социалдык камсыздоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнөн кызматтык кат түшкөн.
Анда 2008-жылы туулган Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургуну Курбанов Бексултан Курбанович дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Бул факт Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Кийген кийимдери: кара түстөгү кепка, ак түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым жана бут кийим.
Белгилери: дене түзүлүшү орто, кара-тору, чачы кара, кыска, кашы-көзү кара.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 03233 5-06-36, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93 номурларына байланышыңыздар.