7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 17 жаштагы кыз бир тууган инисинин өлүмүнө шектелүүдө

528

Ошто 17 жаштагы кыз бир тууган инисинин өлүмүнө шектелүүдө. Бул туурасында Ош ОИИБден билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-мартта болгон.

Анда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Кыштак айыл аймагында И.А. аттуу жаш бала каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Билдирүү каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анда 2014-жылы туулган И.А. аттуу баланы 2006-жылы туулган А.А. аттуу бир тууган эжеси учтуу нерсе менен моюн тарабына сайып алгандыгы маалым болгон.

Топтолгон материалдын негизинде 122-берене (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Кылмышка шектүү катары А.А. кармалып, ага жана окуя болгон жерден далил буюм катары алынган заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасын тандоо сот органы тарабынан аныкталат.

529