7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 2,5 жаштагы кызды азгырып, алдап уурдаган адам кармалды

3678
Ошто жаш наристени уурдоого шектелип, 38 жаштагы жаран кармалды. Ал 2 жарым жаштагы кызды артынан ээрчитип бараткан учуру тасма түшүп калган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин малымат кызматы кабарлайт.
Кече, 2-июль күнү 15:30дар чамасында Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда 27-мектептин айланасында эки жарым жаштагы кыз жоголгондугу тууралуу маалымат таркаган. А Кыздын жакындары аны ээрчитип бараткан 35-40тар чамасындагы кишинин тасмасын жарыялашкан.  Арадан 4,5 саат өтүп кыз табылганын, жакындары билдирген болчу.
Бүгүн, 3-июль Ош ШИИБинин маалымат кызматы кызды уурдоого айыпталып 38 жаштагы тургун кармалгандыгын маалымдайт.
Маалыматка ылайык шектүү Ош облусунун Алай районунун 1983-жылы туулган жараны Ч.А экени такталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жаш наристе кызга тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3679