7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 3 миң окуучу англис тилинде «Манас» айтты (ФОТО)

544

Бүгүн, борбордук аянтта мектеп окуучулары арасында «Урааным Манас» аталышындагы “Манас” айттуу боюнча республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди.

“Манас” эпосун даңазалоо максатында уюштурулган сынакка жалпы 3 миң окуучу катышып, кыргыз жана англис тилдеринде “Манас” айтышты.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков катышуучуларга ийгилик каалашып, мындай иш-чаранын Ош шаарында өтүшү чоң сыймык экенин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык баракчаларды жана төш белгилерди тапшырышты.

Белгилей кетсек, сынак президенттин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында 20-апрелден 11-майга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

 

545