7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 300 орундуу оорукананын курулушу башталды

537

Бүгүн Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин курулушу башталды.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Министр саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү каралган. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмдөр, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат. Оорукананын курулушун 2025-жылы аяктоо пландалууда.

 

538