7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 500 баланын катышуусунда мэрдин балатысы болуп, жаңы жылдык белектер берилди

831

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин «Алтын балаты — 2022» аттуу жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Ош улуттук драма театрында өтүп, майрамдык концертте балдар сүйгөн жомоктордон сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, атайын даярдалган ыр-бийлер менен коштолду.

Ага калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесиз балдар, жакшы окуган окуучулар болуп жалпы 500 бала катышты.

Мэр Алмаз Мамбетов балдарды жаңы жылы менен куттуктап, шаар башчы балдардын окууларына ийгилик каалады.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

832