7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 815 батирлүү көп кабаттуу үй курула баштады

122

Ош шаарында 815 батирге ылайыкталган жаңы көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Жаңы турак жай Көчкөнөв көчөсүндөгү №135 даректе курулуп, 6 кабаттуу 19 блоктон турат. Долбоорду Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ишке ашырууда.

Маалыматка ылайык, үйдө 246 бир бөлмөлүү, 494 эки бөлмөлүү жана 75 үч бөлмөлүү батир болот. Мындан тышкары, биринчи кабаттарда коммерциялык жайлар, бала бакча жана унаа токтотуучу жай каралган.

Долбоордун негизги максаты- шаар тургундарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана ипотекалык курулушту өнүктүрүү.

123