7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто акциз маркировкаланбаган 40 миңден ашык алкоголсуз суусундук табылды

197
28-июнда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында акциз маркиподакциздик товарларды аныктоо боюнча рейд өткөргөн.
Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү жеке ишкерлер У.А.Э. жана С.М.ге таандык ири соода түйүндөрүндө жүргүзүлгөн текшерүү маалында жалпы суммасы 142 811 сомду түзгөн 3 767 даана алкоголсуз суусундуктар табылган. Бул продукцияда товардык продукциясына дал келбеген жана шайкештик тастыктамасына ээ эместиги аныкталды.
Бул продукциялар «Ан Империал» ЖКЧ тарабынан алып келингени белгилүү болду. Анын кампасына жүргүзүлгөн салыктык рейд учурунда жалпы суммасы 1 млн 458 миң 858 сомду түзгөн 37 014 даана алкоголсуз суусундук табылды. Табылган товарларда дагы чапталган акциздик маркасы товардын аталышына туура келбеген жана шайкештик тастыктамасы жок болуп чыкты.
Аталган продукциялар толугу менен кампадан жана жүгүртүүдөн алынды. Алгачкы процессуалдык документтер толтурулуп, материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн даярдалууда.
Эскерте кетсек, 1 миңге чейин акциз маркалоосу жок товарларды саткандыгы үчүн 65 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Эгерде мындай товарлардын көлөмү 1 миңден ашса, анда 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

198