7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто аскер кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

398

Ош облусунда коррупциялык схемаларды уюштурууга шектелген Кара-Суу, Араван жана Өзгөн аскер комиссариаттарынын бир катар аскер кызматчылары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Аталган аскер комиссариаттарынын айрым аскер кызматчылары мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууда негизсиз артыкчылыктарды бергендиги, мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандыгы, кызматка жараксыз деп мыйзамсыз таанылгандыгы, ошондой эле мобилизациялык резервге даярдоодон өтө турган адамдардын тизмесине мыйзамсыз киргизүү үчүн, жарандардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

Учурда тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар, анын ичинде бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.

399