Ошто 39 жаштагы жаран 2007-жылы туулган 14 жаштагы өз кызын эркине каршы зордуктап жатканда кичүү кызы көрүп калган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү кызын алгачкы ирет 12 жашында аялы Россияда жүргөндө, 2019-жылдын июнь айында зордуктаган. Ошол күндөн 2021-жылдын ноябрь айына чейин үзгүлтүксүз зордуктап келген. Бирок аялы кайтып келгенден кийин дагы зордуктоону токтоткон эмес. Акыркы ирет 28-ноябрда зордуктап жатканда, үйдөгү экинчи кызы көрүп калган. Кыздар атасы менен апасы ажырашып кетишпесин деп милицияга кабар берүүдөн коркушкан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы өзүнүн 14 жашар кызын 2 жылдан бери зордуктоого шектүү катары 1982-жылы туулган жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкери Ош шаарына караштуу айылдардын биринин 2007-жылы туулган кыздын акыркы күндөрү өтө эле психологиядык жактан жабыркап жүргөндүгүн байкап, аны менен мектепте маектешүүгө аракет жасаган. Алгачкы маектешүүгө жасаган аракеттер жыйынтыксыз болгон. Кыз инспектор менен маектешүүдөн баш тарткан. Бирок, милиция кызматкеринин бир нече аракетинин натыйжасында кыз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталып, психологиялык өзүнүн оор абалда жүргөндүгүн титиреп, ыйлап жатып айтып берген. Жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкери токтоосуз Ош ШИИБнын жетекчилигине рапорт менен кайрылып, жабырлануучу кыз, атасы жана башка үй бүлө мүчөлөрү милицияга алынып келинген.
Кечээ, 10-ноябрда жабырлануучу кыздын 1982-жылы туулган атасы жашы жетелек кызды зордуктоого шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.