7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыпариса Рысбекова: Ар бир жоопту орган балдардын көйгөйлөрүнө көңүл бөлүшү керек

488

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамдын жашы жете электер арасында аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө , жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү, мамлекеттик түзүлүштү жана жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин өркүндөтүү зарылчылыгы, укук бузуулардын алдын алуу маселелери белгиленди. Ошондой эле жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу, пробациянын кардарларын кайра социалдаштыруу жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Рысбекова жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуунун, жергиликтүү мамлекеттик органдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анткени акыркы жылдарда жашы жете электер арасында кылмыштуулук өсүп жана көйгөйлөр чечилбей келет.

“Жер-жерлерде жакшы жолго коюлган өз ара аракеттенүүдөн көп нерсе көз каранды. Ар бир жооптуу орган өз бөлүгүндө балдардын көйгөйлөрүнө өз убагында жооп берип, алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек. Муктаж болгондорго ар тараптуу колдоо көрсөтүп, үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү аныктап, аларга ар тараптуу жардам берип, колдоо көрсөтүү зарыл. Мындай иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек, албетте, «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу керек”, — деп белгиледи ал.

Кеңешмеге Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Бишкек шаарынын мэриясынын, өлкө Президентинин Ысык-Көл жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана жашы жете электердин укуктарын коргоо маселелерин менен алектенген башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып жана протокол кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

489