7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто авариялык мектептин ордуна заманбап 225 орундуусу салынды

570

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты.

Анда Акылбек Жапаров элеттиктерди заманбап мектептин имаратынын ачылышы менен куттуктап, Керме-Тоолуктар бул жаңы имаратты курууну көп жылдан бери күтүп жүрүшкөнүн, чечим кабыл алынган соң тез арада курулуп, пайдаланууга берилгенин айтты.

“Ушул мектептин курулушу титулга кирип жатканда адистердин айтканы эсимде: “тамчы тамып жатат, электр зымдары чирип калган, айла жоктон окуп жатышат, балдардын өмүрүнө абдан кооптуу, өтө авариялык абалда” деп чырылдап айтышкандары эсимде. Бүгүн мына жаркырап эки кабаттуу болуп заманбап мектепке айланып отурат”-деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы 225 орундуу заманбап чоң мектепти курууга республикалык бюджеттен 83 млн сом жумшалып, бардык шарттары түзүлүп, анын ичинде спорт зал, 75 орундуу залы, ашканасы менен кошо кыздар үчүн кийим тигүүчү машиналар, балдар үчүн кол эмгек сабагынан станоктор орнотулганын белгилеп, эми балдардын билим сапатына катуу көңүл буруу зарылчыгына токтолду.

“Мектептин жаңы имараты гана эмес, бизге мектептин Чыңгыз Айтматов айткандай, “Таланттуу мугалим менен таланттуу балдардын кездешкен жери – мектеп” болгону абдан маанилүү”, — деди Акылбек Жапаров.

Андан аркы сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы, өлкөдө жүрүп жаткан реформалар, президент Садыр Жапаров башында турган команданын иштеринин жыйынтыктары туурасында азын оолак кеп кылды.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы И.Раззаков атындагы 720 орундуу мектеп-гимназиянын ошондой эле жанаша жайгашкан В.Терешкова атындагы 700 орундуу мектеп-интернатынын курулуш иштери менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге курулушту сапаттуу бүткөрүп, пайдаланууга өз убагында берүүнү тапшырды.

571