7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто аялды өлтүрүүгө шектелип 19 жаштагы жигит кармалды

335

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Шаардык милицияга бүгүн, 14-апрелде саат таңкы 04:10до Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1987-жылы туулган тургуну киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон дарекке барып, кароо жүргүзүшкөн учурда аялдын муунтулуп каза болгондугу аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 2006-жылы туулган тургуну кармалды. Тергөө кызматынын маалыматына караганда шектүү аялдын үйүнө уурулукка кирип, аялды муунтуп өлтүрүп, унаасын уурдап кеткен.

Шектүү мурда окуя орун алган үйдө батир ижарага алып жашап кеткен.

Учурда тергөө иштери уланууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

336