Ош облусунун Кара-Суу районунда милиционер аялын сабап салган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Такталгандай, буга чейин 28 жаштагы Ш.А. аттуу аял милиция кызматкерлерине арыз жазып, күйөөсү Ч.Ч.у. аны сабагандыгына байланыштуу чара көрүүнү суранган.
“Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Жабырлануучуга соттук -медициналык экспертиза дайындалды. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат ”, — деп берилет маалыматта.