Ош шаарында 3 милиция кызматкери ээнбаштыкка шектелип, кызматтарынан бошотулушту. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июль күнү 3 милиция кызматкери менен Ош шаарынын 4 тургуну унаа коюуга орун талашып урушуп кетишкен. Алар Ош ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын туристтик взводунун кызматкерлери болгон. Ушул эле кызматтын кызматкерлери тарабынан маалымат түшүп, 3 кызматкер Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө ошол эле күнү жеткирилген. Натыйжада эки кызматкер спирт ичимдигин ичкени аныкталган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеcинин 2-бөлүмү (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
ИИМдин түштүк аймак боюнча ички иликтөө башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн. 3 кызматкер тең өз арыздарынын негизинде кызматынан бошотулган. Учурда тергөө иштери улантылууда.