7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Видео. АКШ элчилигинин алдында «Центерранын» доосу боюнча митинг өтүүдө

568

Бүгүн, 16-августта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында «Центерра Голд» компаниясынын «Кумтөрдүн» банкрот деп жарыяланганын таануу тууралуу Нью-Йорк сотуна берген доо арызы боюнча митинг өтүүдө. Бул тууралуу «Тянь-Шанды сактайлы» коомдук фонду билдирди.

Митингге чыккандар Нью-Йорк сотунан калыс чечимди талап кылышууда. Уюштуруучулар бардык кайдыгер эмес жарандарды бул акцияга катышууга чакырат, ал эртең да уланмакчы.

«Жүрүшкө чыгышыбыздын себеби «Центтерра» акыркы 20 жылдан бери «Кумтөрдү» иштетип келет. Бирок 20 жылдын ичинде бир топ мыйзам бузуулар болуп, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүбүз талкаланып, экологиялык катастрофа болуп жатат. Бирок «Центтерра» Кыргызстанды эл аралык сотко берген. Ал сот калыс өтөт деген ишеничтебиз. Себеби «Центтерранын» мыйзам бузууларын, экологияга тийгизген таасирин бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө жүзү билип отурат», — дейт уюштуруучулар.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569