ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызы Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда, балдар бакчанын адиси 15000 сом акчаны пара катарында сурап жаткандыгын билдирген.
Аталган факт Ош ШИИБде катталып, кылмыш иши козголгон. 28-август күнү бала бакчанын адиси А.Т. 15.000 сомду алып жаткан учурда кармалып, далил буюм катары алынган.
Бала бакчанын адиси 1986-жылы туулган А.Т. тергөө кызматына камсыздалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кылмыш иши боюнча тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.