Узакка созулган катуу оорудан кийин 2024-жылдын 27-августунда 93 жашында залкар окумуштуу, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Ильгиз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты. Кыргыз илими орду толгус оор жоготууга учурады.
Ильгиз Айтматов 1931-жылы Фрунзе шаарында туулган. Эмгек жолун 1949-жылы Москва геологиялык чалгындоо институтун аяктагандан кийин Кыргыз геологиялык башкармалыгынын геологиялык чалгындоо партияларында улук бургулоо мастери болуп баштаган.
1956-жылы СССР Илимдер академиясынын Тоо-кен иштери институтунун аспирантурасына тапшырган. 1964-жылы илимдин кандидаты, 1987-жылы техника илимдеринин доктору илимий даражасын алган, ал эми 1992-жылы ага профессор наамы ыйгарылган.
1994–2005-жылдары Физика жана тоо тектери механикасы институтунун директору болуп иштеген. 1987-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, 1989-жылы академик болуп шайланган.
1990–1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти болгон. Кийинки жылдары Физика жана тоо тектери механикасы институтунун дирекциясында кеңешчи болуп иштеген.
Ильгиз Айтматов Кыргыз Республикасынын тоо илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон.
Ал жетектеген тоо геомеханиктеринин илимий мектеби жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө өзүнүн фундаменталдык жана прикладдык эмгектери менен белгилүү.
Ильгиз Айтматов 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 6 монографиянын автору. Ал техника илимдеринин 16 талапкерин жана 6 докторун даярдаган.
1989-жылы тоо тектеринин чыңалуу абалын изилдегендиги жана кен чыккан жерлерди иштетүүдө тоо басымын башкаруу проблемаларын чечкендиги үчүн Ильгиз Айтматов Россиянын алдыңкы геомеханиктери-окумуштуулар тобу менен бирге СССРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Ильгиз Айтматов Улуттук илимдер академиясынын, Эл аралык инженердик академиянын (Москва, Россия Федерациясы), Калифорния илим, искусство жана индустрия академиясынын (Америка Кошмо Штаттары) академиги болгон. Республикалык жана эл аралык коомдук илимий-техникалык уюмдардын ишине активдүү катышкан, КМШ өлкөлөрүнүн табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча эл аралык кеңешине караштуу Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу проблемалары боюнча илимий кеңештин оперативдүү бюросунун мүчөсү болгон. Мекенге сиңирген эмгеги үчүн «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы жана илимди өнүктүрүүгө жана илимий кадрларды даярдоого кошкон салымы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен сыйланган.
Ильгиз Айтматов XII чакырылыштагы (1990-1993-жылдар) Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин илим, өнөр жайды өнүктүрүү, техника жана технология, энергетика, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болгон, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Президенттик кеңештин мүчөсү болуп дайындалган.
Ильгиз Айтматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз. Анын эмгеги Кыргыз Республикасынын тарыхында түбөлүккө калат.
С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.А. Акаев, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, А.Ж. Жумагулов, М.Ш. Шеримкулов, В.К. Раимбачаева, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, Б.Т. Сыдыков, Д.Ш. Кендирбаева, А.А. Сапаралиев, А.Дж. Джунушалиев, Э.Дж. Джумаев, К.Е. Абдрахматов, Ч.И. Арабаев, А.К. Керимбеков, М.М. Мамытов, М.М. Мамакеев, Т.С. Садыков, О.И. Ибраимов, М.М. Мураталиев, Д.А. Жумабеков, А.А. Султанов, О.А. Садыров жана башкалар.