7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто баланы аман алып калган куткаруучулар сыйланды

269

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баланы аман алып калган куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, аларга медаль тапшырды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Окуя ушул жылдын 29-июлунда катталган. Саат 18:10 чамасында Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүн аралап өткөн каналдан агып бараткан баланы куткаруучулар байкап калышкан.

ӨКМдин Суучулдар кызматында билим алып, учурда эс алуу жайында иштеп жаткан куткаруучулар баланы каналдан алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен. ӨКМдин Суучулдар кызматынын окутуучусу Кумар Ибраевге ыраазычылык билдирүү менен куткаруучулар өз видеосун жөнөтүшкөн.

270