Бүгүн, Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Казак элининин улуу жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Анын ачылыш аземине, КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Түрксой эл аралык уюмунун катчысы Султан Раев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдун, түрк тилдүү мамлекеттердин, жети дубандын чыгармачыл жамааттары жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.
Сүйүнбек Касмамбетов президенттин жолдогон куттуктоо катын окуду. Анда мамлекет башчысы бардык улуттардын жалпы маданиятын өнүктүрүү үчүн эпостордун маанилүүлүгүн белгилеген.
Иш-чаранын алкагында “Кыргыз көчү” этно-шаарчасынын, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкесинин ачылышы болуп, “Түндүк көтөрүү”, “Тушоо кесүү” салттуу иш-чаралары өткөрүлдү. Иш-чара Казакстандын, Тыва, Саха-Якутия, Хакас, Республикаларынын чыгармачыл жамааттарынын, Алтайдын , Кыргызстандын маданий ишмерлеринин катышуусунда концерттик этно-программа менен аяктады.
Белгилей кетсек, фестиваль 20-майга чейин уланат. Бул аралыкта «Айтуучунун тексти мезгил жана мейкиндик ченеминде, Хакасия жана Тыва Республикаларынын фольклордук топторунун өнөрлөрү көрсөтүлүп, улуттук оюндарды уюштурулуп, «Саркеч көчмөн» аталыштагы этно-костюмдардын сынагы өтөт.
19-майда дүйнө элдеринин эпосторунун VII эл аралык фестивалынын салтанаттуу жабылыш аземинин алкагында шаардын борбордук аянтында гала-концерт жана сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өтөт.
Иш-чарага 30га жакын өлкөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.