7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

412

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Жолугушуунун алдында Садыр Жапаровду Ардактуу кароол ротасы салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган “Кытай – Борбор Азия” саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Кытай Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровго чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгиледи.

КЭР Төрагасы Садыр Жапаров менен буга чейинки жолугушууларын, анын жыйынтыгында маанилүү макулдашууларга жетишилип, эки тараптуу кызматташуунун бир катар маанилүү долбоорлору ырааттуу ишке ашырылып жатканын эске салды.

Си Цзиньпин ишке ашырылып жаткан долбоорлор кытай-кыргыз өз ара байланыштарынын бүтүндөй комплексине кубаттуу импульс берет деген ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысынын жетекчилиги астында Кыргызстан социалдык-экономикалык бийик натыйжаларга жетишип жатканын баса белгилеп, кыргыз эли Президент Садыр Жапаровду жогору баалап жатканына токтолду.

КЭР Төрагасы “Кытай – Борбор Азия” саммити тууралуу айтып жатып, ал маанилүү этап болуп калаарына жана аны менен кызматташтыктын жаңы доору ачыларына басым жасады.

«Биз кызматташтыктын ушул форматын бекемдешибиз керек», — деди Си Цзиньпин.

Баарлашуунун жүрүшүндө ал ошондой эле биргелешкен кызматташуунун негизги багыттарын — өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу, соода-экономикалык кызматташтык программаларын ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды көбөйтүү, аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү, укук коргоо органдары аркылуу тажрыйба алмашууларды бекемдөө, салттуу достукту жана кызматташтыкты чыңдоо, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу, гидроэнергетика жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи.

Кытайдын Төрагасы ошондой эле айыл чарба, транспорт, билим берүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо, глобалдык жана аймактык коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экенин айтты.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге Кытайга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө жана “Борбор Азия – Кытай” саммитине катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы КЭР Төрагасын жана бүткүл кытай элин Кытайдын Коммунисттик партиясынын 20-съездин, «эки сессиясын» ийгиликтүү өткөрүп, ККПнын БКнын Башкы катчысы, Кытай Төрагасы жана КЭР Борбордук аскер кеңешинин Төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

“Кытай Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүдө шыктандырган жаңы ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн жогорку кадыр-баркын мындан да бекемдейт деп ишенем. Бул сапар биздин мамлекеттер аралык мамилелерибизди тереңдетүүгө жана аны жаңы жогорку сапаттык деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүгө олуттуу түрткү берет деп күтөбүз”, — деп белгиледи ал.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын боло турган “Борбор Азия – Кытай” саммитинен үмүтү чоң экенин баса белгиледи. Бул диалог аянтчасы регион үчүн актуалдуу жана бардык алты мамлекетти кызыктырган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнүн, талкуулоонун жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүү механизми болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жок. Биз бири-бирибизге эң актуалдуу, абдан маанилүү маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин зор канааттануу менен баса белгиледи. Өз ара сооданын, кытай тараптын Кыргызстандын экономикасына инвестициясынын көлөмүнүн динамикалуу өсүшү байкалууда.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда чет элдик инвесторлор менен ишкерлердин бизнес жүргүзүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон аракеттер жасалып жатканына өзгөчө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндө, билим берүү, каржы, электрондук коммерция, маданий-гуманитардык тармактар жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров КЭР Төрагасы Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Лидерлер эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

413