7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эң көп пенсия 99 миң сомдон жогору экени айтылды

262

Ош шаарында эң көп пенсия 99 миң сомдон жогору. Бул тууралуу Социалдык фонддун Ош шаары боюнча жетекчисинин орун басары Нуркамил Орунбаев билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 37 миң 830 пенсионер, жаш курагы боюнча 31 миң 600, майыптыгы боюнча 5 миң жана багуучусунан ажыраган 1 миңден ашуун пенсионер бар.

Ош шаарында эң көп пенсия 99 миң 300 сом болсо, Ош шаарында жана Кыргызстан боюнча эң төмөнкү пенсия 6900 сомду түзөт. Буга чейин 2 же андан көп баласы бар аялдарга 6 жылдык эмгек стажы берилчү. 2024-жылдан 1-июлунан бери 3 же андан көп баласы бар аялдарга 9 жылдык эмгек стажы берилет.

«Мындан тышкары, мурда 3-топтогу майыптар пенсиянын 50 пайызын алышса, 2024-жылдын июнь айынан тарта пенсияны толук алып жатышат», — деп кошумчалады ал.

263