7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эки деңгээлдүү көпүрө курулууда

437

Ош шаарында Осмонов көчөсүнүн үстүнөн өтүп, Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматта Осмонов көчөсүн Барсбек кагандын эстелиги жайгашкан айлампадан тарта Касымбеков көчөсүнө чейин кеңейтүү каралганы белгиленген. Эки тилкелүү трасса алты тилкеге чейин кеңеет.

Ал эми айлампадагы Барсбектин эстелигин Касымбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине которуу маселеси каралууда. Мэр Жеңишбек Токторбаев аталган кесилиштеги май куюучу жай алынып, ордуна Барсбек атындагы сквер курулуп, эстелик ошол жерге коюла турганын билдирди.

438