Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.
Бул Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында ачылган 11-мамлекеттик дарыкана жана учурда республика боюнча жалпысынан 98 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.
Министр жылдын аягына чейин калкты жеткиликтүү баада дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуучу 100 «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасын ачуу пландалганын билдирди.