7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда кыйраган учактагы кыргызстандыктар аман экени айтылды

438

Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун саат 16:05 берген маалыматына ылайык, учак ичиндеги Кыргызстандын 2 жараны ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Такталган маалымат боюнча 1998-жылы туулган О.Т. жана 2004-жылы туулган А.Р. аттуу жарандар. Ал эми калган 1 жаран боюнча тактоо иши жүрүүдө.

Аварияга кабылган учактын ичинде жалпы 67 адам болгон. Анын ичинен 5 экипаж, Азербайжандын 37, Орусияныны 16, Казакстандын 6 жараны болгон. Учурда 28 жаран ооруканага жеткирилген. Жеринде Казакстандын куткаруучулары тарабынан тиешелүү жумуштар жүрүүдө.

Азыркы тапта Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору Азербайжан, Казакстандык кесиптештери менен онлайн түрдө ыкчам маалымат алмашуу жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.

439