7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда эки бала бакча жана 60 гектар жер мамлекетке кайтарылды

346

УКМК тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы социалдык инфраструктура объекттерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын аймагындагы бала бакча имараты менен жалпы аянты 0,45 га жер тилкесин сатуу фактысы аныкталды. Буга чейин мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты кароосуз калып, өз багыты боюнча пайдаланылбай келген, бул бала бакчалардын жетишсиздик абалын курчуткан.

Аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ээси өз ыктыяры менен Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын муниципалдык менчигине болжолдуу баасы 19 236 400 (он тогуз миллион эки жүз отуз алты миң төрт жүз) сом болгон жер тилкеси менен бала бакча имаратын кайтарып берди.

Мындан тышкары, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 0,27 га, болжолдуу баасы 30 422 000 (отуз миллион төрт жүз жыйырма эки миң) сом болгон жанаша жер тилкеси менен мыйзамсыз менчиктештирилген балдар бакчасы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын балансына кайтарылды.

Ошондой эле, менчик ээси тарабынан ыктыярдуу негизде Масалиев жана Исхак-Полотхан а/а жалпы көлөмү 60 га айыл чарба багытындагы, баасы 1 877 581 100 (бир миллиард сегиз жүз жетимиш жети миллион беш жүз сексен бир миң ЖҮЗ) сомдук жер тилкелери муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген.

УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чараларын улантууда.

 

347