7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Эл аралык театр күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

738

 

29-мартта Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Эл аралык театр күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев, маданият жана искусство чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана чыгармачыл чөйрө катышкан. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

«Иш-чаранын жүрүшүндө театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн маданияттын жана искусствонун эмгек сиңирген кызматкерлерине, анын ичинде Ош шаарынын жазуучуларына, сүрөтчүлөрүнө жана музыканттарына Ардак грамоталар, дипломдор жана “Маданияттын отличниги” наамдары тапшырылды.

Мындан тышкары пандемия учурунда жарандарга руханий кызмат көрсөтүүнү мыкты уюштургандыгы үчүн Апас Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын эмгек жамааты 200 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Театрлаштырылган спектаклдердеги мыкты ролдору үчүн ар кандай театрлардын артисттерине өзүнчө сыйлыктар берилди», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739