Жалпыга маалымдоо каражаттарында «Манас» турак – жай комплексинин батирлеринин ээлери президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясына карата батирлерди өз алдынча жасалгалоо үчүн өткөрүп берүү мөөнөтүн бузуу жана курулуш иштерин создуктуруу фактысы боюнча чара көрүү жөнүндө видео кайрылуу жасагандыгына байланыштуу УКМК текшерүү иш-чараларын баштады.
26-январда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын имаратында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө курулуш иштеринин жүрүшүнө таасир этүүчү факторлор, ошондой эле турак жайларды өз алдынча бүткөрүү үчүн жеткирүүдөгү кечигүүлөрдүн себептери тууралуу маалыматтар угулду. Өз кезегинде, «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө өлкө жетекчилиги тарабынан ишкердик чөйрөнү колдоо, анын өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат, ошондой эле КРнын мыйзамдарынын талаптарын жана акционерлер алдындагы милдеттенмелерин так сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди.
Буга байланыштуу, «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясынын жетекчилиги курулуш иштерин аяктап, объектилерди 2026-жылдын сентябрь айына чейин өз алдынча бүткөрүүгө өткөрүп берүүгө милдеттенди. Ошол эле учурда, «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясынын жетекчилигине курулуш иштери аяктаганга чейин алар үчүн КРнын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө чектөөлөр киргизилип, турак жайларды этап-этабы менен жеткирүүнү көзөмөлдөө күчөтүлүп жатканы маалымдалды.




