7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда Нипах вирусуна каршы чаралар күчөтүлдү

304

Өзбекстанда Нипах вирусун жуктурган учурлар катталган жок. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 54 чек ара өткөрмө пунктунда туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда.

Ведомство Индияга жана башка чет өлкөлөргө сапар пландап жаткан жарандарды жеке гигиена эрежелерин сактоого жана тамак-аштын сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Дене табы көтөрүлүп, катуу баш оору же башка белгилер байкалса, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл экени эскертилди.

Эл аралык маалыматтарга ылайык, Нипах вирусу саламаттыкка олуттуу коркунуч жаратат. Бул жугуштуу оору жаныбарлардан, айрыкча жарганаттардан адамга өтөт, ошондой эле булганган азыктар жана адамдан адамга жугушу мүмкүн. Акыркы жылдары Нипах вирусу Индияда жана Түштүк-Чыгыш Азиянын айрым өлкөлөрүндө катталып келет.

305