7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ирандан ташылып келе жаткан жемиштерден зыяндуу курттар табылды

625

«Ош терминал» фитосанитардык текшерүү постунда Ирандан ташылып келе жаткан анардын партиясынан комсток курту (рseudococcus comstocki (kuwana) карантиндик зыяндуу организми аныкталды.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, ташылып келе жаткан товардын салмагы 21,630 тоннаны түзгөн. Ошондой эле 18 тонна кивиден тыт калканчасы (рseudaulacaspis pentagona (тargioni-Tozzetti) карантиндик зыяндуу организми табылып, аталган организмдер лабораторияга тапшырылган үлгүлөрдө аныкталган.

Бул жүктөрдүн карантиндик фитосанитардык актысына штамп басылып, сатууга жана колдонууга тыюу салынды.

Учурда расмий түрдө Ирандын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органына Кыргызстандын карантиндик фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча билдирүү (нотификация) даярдалып, расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилди.

626