7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто ири өлчөмдөгү салыктан качып жүргөн ишканалар аныкталды (ВИДЕО)

620

Ош облусунда салык төлөөдөн баш тартып, качуу жолунун схемаларын уюштурган жана көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн кем баалап ишине кыянаттык менен мамиле кылган, экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттер аныкталды.

УКМКдан билдиришкендей, Ош шаарында жана Кара-Суу районунда өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысына кылмыш иши козголду. Тинтүү иштери жүргүзүлүп, экономикалык ишмердүүлүктүн реалдуу эсебин тастыктаган документтер алынып, күнүмдүк кирешесин атайылап жашырган 30дан ашык ишмердүүлүктүн субъектилерине салыктык текшерүүлөр дайындалды.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан кошумча салыктык эсептөөлөр жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджетке 26 миллион сомдон ашык чыгымдын орду толтурулду.

Салыктык чегерүүлөрдү чогултуу жана салык салынуучу базаны көбөйтүү боюнча иштер улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

621