Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 19-апрель күнү саат 21:58 де катталган.
«Чоң-Алай районунун Шибээ айылында 3 балл, Карамык, Кулчу, Жар-Башы, Чак айылдарында 2,5 балл жана Дароот-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп берилет маалыматта.