Беларусия Курманбек Бакиевди кайтарып берүүдөн бул ирет да баш тартты. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Башкы прокуратура Беларусия менен Бакиевдерди кайтарып берүү үчүн ишин улантууда.
«Беларусия баш тартып, токтомду аткарбай жатат», — дейт Курманкул Зулушев.
Зулушев Башкы прокуратура Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен акчаны кайтаруу боюнча дагы иш жүргүзүп жатканын белгиледи.