7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто күйөөсү аялын өз короосунда бычактады

1197

Ошто аялы күйөөсүнүн колунан бычакталды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү Ош шаарынын М.Калинин конушунун 58 жаштагы тургуну (аял киши) денесинин төрт жеринен бычакталып, оор абалда саат 10:00 чамаларында Ош областтык ооруканасына, жандандыруу бөлүмүнө коӊшулары тарабынан жеткирилген.

Ыкчам иликтөөнүн алкагында, окуяга шектелип 1959-жылы туулган С.Х. аттуу күйөөсү кармалды.

Тергөөдө маалыматына караганда, шектүү өз үйүнүн короосунда, өз аялын өлтүрүү максатында алдын ала даярдаган ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир нече ирет сайгылап жаткан учурда, ызы-чууну угушкан коӊшулары тарабынан тараптар ажыратылган. Андан соң коңшулары жабырлануучуну Ош облустук ооруканага жеткиришкен. Чыр-чатак жубайлардын өз ара келишпестигинен улам келип чыккан.

Аталган факты боюнча шектүүгө карата Кылмыш кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1198