7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Карылардын эл аралык күнү белгиленди

598
Ош шаарында бүгүн, 1-октябрь – Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата «Карыларга көңүл буруу жана кам көрүү» аталышындагы бир айлык өнөктүктүн алкагында муктаж болгон карыларга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлдү.
Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү «Боорукердик» үйүндө жашаган улгайган жарандардан кабар алышып, жакындан жардам көрсөтүшүп, азык-түлүктөрдү жана белектерди тапшырышты. Ошондой эле, ОшМУнун медициналык факультетинин студенттери тарабынан акысыз медициналык кароо уюштурулду.
Мындан тышкары жалгыз бой, аз камсыз болгон жана социалдык жактан аялуу катмарынан (Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган) 230 улгайган жарандарга майрамдык концерттик программа тартууланып, сый-тамак берилди.
599