7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кечке чейин окуган окуучуларды маршруттар акысыз жеткире башташат

1058

Ош шаарында мектептен кечкурун чыккан окуучуларды коомдук транспортто бекер ташуу сунушталууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Анын айтымында, кечээ шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниялардын жетекчилери менен жолугушкан. Ал жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын жеткиликтүү көрсөтүү алардын түздөн-түз милдети экенин баса белгиледи. Жыйындын жыйынтыгында мекеме-ишканалардын жетекчилерине эскертүүлөр берилди.

“Кечкисин мектеп окуучуларын коомдук транспортто бекер ташууну уюштуруу маселесин да карадык. Бул үчүн зарыл болгон акчаны мэрия «Бактылуу коом» кайрымдуулук фонду менен биргеликте бөлөт. Билим берүү башкармалыгына балдар кечке чейин окуган мектептердин тизмесин берүү тапшырылды”, — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1059